KELECHEK
rek

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун базасында курулган “Темир бетон буюмдарын жасоо цехи” ишке кирди

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун базасында курулган “Темир бетон буюмдарын жасоо цехи” ишке кирди

Бүгүн “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун базасында курулган “Темир бетон буюмдарын жасоо цехи” ишке кирди. Иштин ыргагы менен Улуттук энергохолдинг компаниясы башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров таанышып чыкты. «Жалалабатэлектро» ААКнун башкы директору Дурусбек Рахманов баштаган топ маалымат берди.

Компания темир-бетон мамыларын сатып алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. Тендердик сынактын негизинде уткан жеткирүүчүлөрдүн продукцияларынын сапатынын начар болгондугунан тендерлер бузулуп, ага кошумча, уткан жеткирүүчүлөр мамычаларын убагында жеткирип бере албай, биздин кабыл алган план-тапшырмаларыбыздын аткарылышын тобокелге салган учурлар көп болгон.  Ушундай абалдан чыгуу үчүн, компанияда  мамычаларды өзүбүздө өндүрүү колго алынган.  

Цехте орнотулган бетон даярдоо орнотмосу 2018-жылы Россия Федерациясынын “Завод металлоформ” ЖЧК ишканасынан алынып келинген.

Орнотмонун өндүрүмдүүлүгү саатына 15-20 метр куб даяр бетон чыгарганга мүмкүнчүлүк берет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жылына 4 миңден ашык мамыча чыгарып же болбосо “Жалалабатэлектро” ААКу  быйылкы жылга алмаштырууга пландаштырган 3178 даана көлөмдөн 1000 даана ашыкча өндүрүүнү пландоодо.

Эми рентабелдүүлүгүнө токтолсок,  бул кезге чейин компания бир даана электр мамычаны 6 500 сомдун тегерегинде сатып алып жаткан болсо,  жаңы ачылган цехте 4754 сомдон чыгарылып,  ар бир электр мамычадан 1745 сом үнөмдөлөт.  Демек жылына 5,4 млн сом акча каражаты үнөмдөлүп, цех өзүн өзү 2,5 жылда актайт.

Жогоруда көрсөткөндөй, өзүбүз чыгарган мамычалардын наркы учурда сатып алып жаткан мамычалардан 25-30 % дын тегерегинде арзан болот. Эң башкысы, биз өндүрө турган мамычалар заводдордо жасалган жабдууларда бардык тиешелүү технологиялар менен жасалгандыгына байланыштуу сапаттуу болуп, стандарттардын бардык талаптарына жооп берет.

Учурда цехтеги 2 даана калыптын жардамы менен бир нөөмөттө күнүнө10-15 даана мамы куюуга болот. Ал эми бетон даярдоо орнотмосунун өндүрүмдүүлүгүн кененирээк пайдаланып, мамычаларды көбүрөөк чыгаруу максатында, кийинки жылдары кошумча калыптарды сатып алып орнотууну компания пландаштырууда.

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13