KELECHEK
rek

Обсерватордогу 432 мигранттын 19у калып, калганы бүт чыкмай болду

Обсерватордогу 432 мигранттын 19у калып, калганы бүт чыкмай болду

"Семетей" обсерватору. 18.05.2020

“Манас” аэропортунун жанындагы “Семетей” обсерваторунда жаткандардын 19у гана калып, калгандары баары үй карантинине чыгарылмай болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Буга чейин Ички иштер министрлиги ал жерде Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген 432 мигрант бар экенин кабарлаган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб бул обсерватордогулардын көбүн чыгаруу чечимин “түзүлгөн абалга байланыштуу” деп түшүндүрдү.

17-майда бул жайдан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган мигранттардын видеосу Интернетке тараган.

Саламаттык сактоо министрлиги "Тез жардамдын" айдоочусунун тышкы коргоочу кийиминин "бир-эки жери айрылганын" маалымдаган.

7-майда Соль-Илецкиден Казакстан аркылуу автобус менен Бишкекке 541 кыргыз жараны жеткирилген. Ошондон бери алардын арасынан 98инен коронавирус табылды.

18-майда нааразылык билдирип чыккандар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жолукту.

Ага чейин Үсөнбаев мигранттарды обсерватордо кармоо оорунун жайылышына жол бербей жатканын айткан. "Семетейдегилерден" ПЦР анализ кайталанып алынып жатканын кошумчалаган.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38