KELECHEK
rek

Тажикстандын бийлиги пандемия учурунда саясий упай топтоого айыпталууда

Тажикстандын бийлиги пандемия учурунда саясий упай топтоого айыпталууда

Тажикстанга чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамды өлкөнүн президенти Эмомали Рахмондун жана анын жакындарынын атынан таратуу акциялары кескин сынга кабылды. Оппозиция бийликти пандемияны саясий упай топтоо үчүн пайдаланууга айыпташууда.

Тажикстанда мамлекеттик ЖМКлар күн сайын “Улут лидеринин” атынан медицина кызматкерлерине жана ооруканаларга керектүү коргонуучу каражаттар тапшырылып жатканын көрсөтүшүүдө.

Ушу тапта «Avesto Group» компаниясы тапшырган медикаменттердин арасында Кытайдан келген гуманитардык жүктүн чыгышы кызуу талкуу жаратууда. Интернетте тараган видеодо жүк салынган кутулардын тышынан тажик-кытай достугунун эн белгилерин көрүүгө болот.

Оппозиция өкүлдөрүнүн билдиришинче, «Avesto Group» компаниясы президенттин уулу, Милли Мажилистин төрагасы Рустами Эмомалиге таандык.

Соцтармактардын колдонуучулары компания чет өлкөдөн келген гумжардамды “менчиктеп”, өзүнүн атынан таратууда деп айыптоодо.

Тажикстанда дарыгерлер өмүрлөрүн тобокелге салып, коргонуу каражаттарысыз иштеп жатышканын билдиришкенден кийин кайрымдуулук акцияларын пропагандалоо күчөгөн.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 18-майга карата коронавирус инфекциясын 1524 киши жуктуруп алды, 39 адам көз жумду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52