KELECHEK
rek

Рамзан Кадыров коргонуучу каражаттардын жетишсиздигине даттанган дарыгерлерди бошотууну талап кылды

Рамзан Кадыров коргонуучу каражаттардын жетишсиздигине даттанган дарыгерлерди бошотууну талап кылды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Гудермес шаарында вирустан коргонуучу каражаттардын жетишсиздигин айтып чыккан дарыгерлерди иштен алууну талап кылды. Бул тууралуу ал өкмөт жыйынында билдирди.

Кадыров: "Чагымчылдарды бошотуу керек. Бизде баары жетиштүү – жабдуулар, костюмдар, беткаптар, кислород, медикаменттер бар. Биз тескерисинче, башка аймактарга жардам бере алабыз", – деген.

Буга чейин соцтармактарда тараган видеолордо коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан дарыгерлер жеке коргонуучу каражаттар жетишпей жатканына нааразы болушкан. Мындан соң оорукананын башкы дарыгери жана нааразы болгон медиктердин бири жумуштан бошотулган.

Мамлекеттик "Грозный" телеканалы Гудермес шаарындагы дарыгерлердин нааразылыгын “негизсиз дүрбөлөң”, ал эми акциянын катышуучуларын “чагымчылдар” деп атаган. Сюжетте бир кампа толо коргонуучу каражаттар көрсөтүлгөн. Кийинки күнү эле эки дарыгер жана үч медайым коргонуучу каражаттардын жетишсиздигин айтып чыгышканы үчүн кечирим суроого аргасыз болушкан. Мындан тышкары алар бир дарыгер вирустан өлгөнү жалган экенин да белгилешкен.

Соцтармактардын колдонуучулары медиктер бийликтин кысымы менен кечирим суроого аргасыз болгон деп эсептешүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52