KELECHEK
rek

Дүйнөдө COVID-19дан өлгөн кишилердин саны 300 миңден ашты

Дүйнөдө COVID-19дан өлгөн кишилердин саны 300 миңден ашты

Жон Хопкинс университетинин маалыматтарына караганда, дүйнөдө коронавирус инфекциясы жуккандан кийин өлгөндөрдүн саны 300 миң кишиден ашты. Жалпысынан 4 миллиондон ашуун адам вирустун жаңы түрүн жуктуруп, 1 миллион 700 миң киши айыкты.

Илдетти жуктургандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Ал жакта 1 миллион 400 миңден ашуун адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталды. 85 миңден ашуун бейтап кайтыш болду.

Экинчи орунда Орусия турат. Расмий маалыматтар боюнча вирусту 250 миңден ашуун киши жуктурду, эки миңден көп киши өлдү.

Үчүнчү орунда Улуу Британия келатат. Коронавирус 230 миң кишиден табылып, 33,5 миң бейтап дүйнө салды.

Күн мурун The Financial Times менен The New York Times Орусиядагы расмий статистиканы иликтөө менен Москва жана Санкт-Петербургда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 70% көбүрөөк болушу ыктымал экенин жазды. Орусия Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөөнү талап кылды. Роскомнадзор бул материалды фейк маалыматтын жайылышы катары иликтей турганын билдирди.

Коронавирустун жаңы түрү 2019-жылдын аягында Кытайда пайда болгон. Акырындык менен вирус дүйнөнүн чар тарабына жайылган. АКШ Кытайды "оорунун коркунучтуу экенин өз учурунда эскерткен эмес" деп айыптоодо. Бээжин күнөөнү мойнуна алган жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52