KELECHEK
rek

Жалал-Абадда маркум милиция кызматкерлери эскерилди (ФОТО)

Жалал-Абадда маркум милиция кызматкерлери эскерилди (ФОТО)

Бүгүн 15-май – Ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып каза болгондорду эскерүү күнү.

Буга байланыштуу эскерүү иш-чарасы Базар-Коргон РИИБде өткөрүлдү. Маркум милициянын капитаны Анвар Махмадалиевдин жана 2010-жылкы июнь окуясында каза болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдордун эскерүү тактайчасына гүлчамбар коюлуп, куран түшүрүлдү.

Маркум милициянын жубайларына көңүл айтылып, алардын орду эч качан унутулбай тургандыгы белгиленди.

Эскерүү күнүнө карата “Шумкар” АБПнын Атайын операциялар отрядынын (ОСО) жетекчилиги Ооган согушунун ардагери, Баткен окуясынын катышуучусу, маркум, милициянын полковниги Байгазы Ниязалиевдин жубайынан кабар алышты. Алар офицердин жубайына көңүл айтышып, куран түшүрүп, кандай учур болбосун милиция тарабынан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтышты. Маркум полковниктин элеси түбөлүккө унутулбай, жаштарга анын эмгек жолу өрнөк болуп келе жатканын белгилешти.

Ал эми Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо учурунда куралдуу террорчулардын колунан 45 жашында каза болгон милициянын старшинасы Мамасадык Турсунбаевдин үй-бүлөсүнөн кабар алышып, материалдык жардам көрсөтүштү.

Ошондой эле Сузак жана Чаткал РИИБде кызмат өтөп жатып каза болгондорду бир минуталык эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13