Орусияда балдарга жөлөк пул алууну каалаган жарандардын кезеги жаралды

Орусияда Пенсиялык фонддун шаардык бөлүмдөрүнүн алдында президент Владимир Путин убадалаган балдарга жөлөк пул алууну каалагандардын узун кезектери жаралды.
«Медуза» басылмасынын маалыматына караганда, мындай кезек күтүүлөр Саратов, Красноярск, Барнаул, Чита, Сочи, Смоленск, Тюмень, Браянск жана башка шаарларда байкалууда. Алардын көбүндө жарандардын ортосундагы аралык сакталган жок.
12-майдан тартып иштей баштаган Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы сайт арыз берүүнү каалагандардын көптүгүнөн улам алгачкы сааттарда мүчүлүштүктөр менен иштегени кабарланган.
«Коммерсант» басылмасы өлкөнүн Байланыш министрлигине шилтеме кылып, порталда мүнөт сайын балдарга жөлөк пул берүү боюнча эки миңден ашык арыз кабыл алынып жатканын жазды. Сайт аркылуу 20 сааттын ичинде 2 миллиндон ашык жаран электрондук формада арыз берген.
Ал ортодо интернетте балдарга жөлөк пул берүү арыздарын кабыл алуу боюнча ондогон алдамчы сайттар пайда болгону кабараланууда.
11-майда президент Владимир Путин коронавирус эпидемиясынын кесепеттерине байланыштуу үй-бүлөдөгү 3 жаштан 15 жашка чейинки ар бир балага 10 миң рублдан берилерин билдирген. Төлөмдөр 1-июнда башталып, арыз кабыл алуу 1-октябрга чейин уланат.
Бийликтин маалыматы ылайык, жалпысынан жөлөк пулду 27 миллион бала ала алат.

Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04