KELECHEK
rek

ДССУ: Тажикстанда коронавирустун жайылышы тынчсыздандырууда

ДССУ: Тажикстанда коронавирустун жайылышы тынчсыздандырууда

Тажикстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп, барган сайын көйгөйлүү болуп баратат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) COVID-19 боюнча эксперттер миссиясынын башчысы Патрик О’Коннор 12-майда Душанбеде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал жакынкы жумаларда тажик бийлиги көрө турган чаралар өтө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

“Тажикстанда коронавирус калк арасында жайылуу алдында турат. COVID-19 вирусун жуктуруп алган учурлар көбөйүүдө. Кырдаал тынчсызданууну жана кооптонууну жаратууда, токтоосуз түрдө керектүү чараларды кабыл алуу зарыл”, – деди Патрик О’Коннор.

ДССУнун эксперттери Тажикстанга май айынын башында келишкен. Делегация тажик аткаминерлери, медициналык кызматкерлери менен жолугуп, кырдаалды баалап, вируска каршы чара көрүү үчүн сунуштарды берүүдө.

Өлкөдө коронавирусту аныктаган бир гана лаборатория бар, ал Душанбеде жайгашкан. ДССУнун адистери тесттерди аймактарда да жүргүзүү керек деп эсептешет. Алар өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүп, көчмө лабораторияларды түзүү маселесин талкуулашты.

Өлкөдө Кытай, Орусия, Германия өндүрүшүнөн чыккан 44 миңдей тест бар. Коронавируска 7700 киши текшерүүдөн өттү.

Тажикстан өкмөтү коронавируска каршы күрөшүү үчүн 4,4 миллион доллар бөлгөн. Жалпысынан өпкөнү жасалма дем алдыруучу 28 аппарат сатылып алынган.

Тажикстанда 12-майга карата вирус жуктургандардын саны 729 кишиге жетти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38