KELECHEK
rek

АКШ орус өндүрүшүнөн чыккан өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуудан баш тартты

АКШ орус өндүрүшүнөн чыккан өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуудан баш тартты

Кошмо Штаттар Орусиядан алынып келинген өпкөнү жасалма дем алдыруучу "Авента-М" аппаратын кайра артка кайтарууда. Аппараттар ооруканаларда колдонулган эмес, кампаларда сакталган. Бул тууралуу АКШнын Өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча федералдык агенттиги (FEMA) билдирди.

Соңку эки суткада Москва жана Санкт-Петербургдагы ооруканаларда өрт чыгып, COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан алты бейтап көз жумган. Баштапкы маалыматтарга караганда, өрттүн чыгышына өпкөнү жасалма дем алдыруучу "Авента-М" аппаратынын ишиндеги мүчүлүштүк себеп болгон.

Алдын ала сактануу максатында Нью-Йорк менен Нью-Жерси штаттары орус өндүрушүнөн чыккан аппараттарды FEMA агенттигине кайтарып берүүдө.

"Авента-М" аппараттары Уралдагы заводдон чыккан. FEMA өкүлү жабдуулар АКШга апрелдин башында алынып келингенин билдирди.

Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар башка медициналык жабдуулар менен кошо жеткирилген. Кремль анда АКШга гуманитардык жардам көрсөткөнүн кабарлаган. Кийинчерээк бул жүктүн бир бөлүгүн АКШ акчага сатып алганы белгилүү болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52