Жалал-Абадда жаратылыш кырсыгы 6,3 млн. сомдук чыгымга учуратты
Жалал-Абад облусунун бир топ райондорунда 3-6-май күндөрү болгон сел менен мөндүрдүн чыгымы 6 млн. 307 миң сомдон ашты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациялар «Азаттыкка» билдиришти.
Алардын маалыматына ылайык, Ала-Бука районунда сел 1,2 млн. сом, Аксыда мөндүр жана сел 3,7 млн. сом, Ноокенде 1,3 млн. сом жана Базар-Коргон районунда 100 миң сом өлчөмүндө чыгымга учураткан. Сузак районунда болсо табият кырсыгы олуттуу зыян алып келген эмес. Жаратылыш кырсыгынан негизинен эгин талаалары, мөмөлүү бак-дарактар, айрым турак жайлар зыянга учурап, 53 баш майда жандык кырылган. Жабыркагандарга кандай жардам болоору азырынча айтыла элек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-10-май күндөрү күтүлүп жаткан катуу жамгырдан Ош, Жалал Абад, Баткен облустарында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.
Буга чейин бир жуманын ичинде катуу жааган жаандан Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында сел жүрүп, айдоо талааларын, турак жайларды суу каптаган. Кырсык дыйкандарды, малчыларды олуттуу чыгымдарга учуратты. Баткен облусу 55 млн. 276 миң сом чыгым тартканы кабарланган.
"Азаттык" үналгысы
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05