Жалал-Абад шаарында өзгөчө шартта эскерилген ата-бабалар (ФОТО)
Жалал-Абад шаарынын тургундары 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын көп кабаттуу үйлөрдүн балкондорунда карантиндик эрежелерди сактаган шартта белгилешти.
Анда ата-бабалардын эрдигин даңктаган ырлар жаңырып, жашоочулар согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп турушту. Алгач калаа мэри Мураталы Тагаев жана шаардык кеңиштин төрагасы Айбек Джолдошев шаардагы Жеңиш эс алуу багына барып, өчпөс отко гүл коюшту.
Андан соң көп кабаттуу үйлөрдө өткөн майрамдык эскерүүгө катышышты. Мында жеңиш күнү менен тургундарды калаа мэри Мураталы Тагаев куттуктады.
- Биздин ата-балаларыбыз адамзатына туш келген эң бир оор мезгилдерди башынан өткөрүп, кан майданда салгылашып жеңишти камсыздашты. Жыл сайын 9-май бүткүл союздаш өлкөлөр менен катар кыргызстандыктар үчүн да маанилүү күнгө айланган. Анда согуш ардагерлерибизге сый-урмат көрсөтүп, ыраазычылыгыбызды билдирип келебиз. Бул жылкы майрам жылдагыдай салтанатта, узун элдин катышуусундагы өлбөс полк жүрүшү менен коштолбосо да, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы биздин ар бир замандашыбыздын жүрөгүндө деди, - шаар мэри М. Тагаев.
Аталган иш-чараны Жалал-Абад шаарынын мэриясы калаадагы “Славян” диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте уюштурган.
Бул жылы Улуу Жеңиш майрамынын 75 жылдыгына карата республикалык бюджеттин эсебинен ар бир ардагерге 75 миң сомдон акча каражаты бөлүнгөн. Аны менен бирге калаа казынасынан да согуш ардагерлерине 20 миң, концлагердин туткунуна 15 миң, ал эми оруктун каармандарына 10 миң сомдон акча каражаты берилди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 5 гана ардагер калды. Алардан экөө согуштун катышуучусу, бир концлагердин туткуну жана эки ооруктун ардагерлери.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13