KELECHEK
rek

Жеңиш күнүнө карата Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналган эстелик жана парк ачылды (ФОТО)

Жеңиш күнүнө карата Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналган эстелик жана парк ачылды (ФОТО)

Кечээ 7-майда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбек Түлөбердиевдин эстелигинин ачылыш аземине катышты. Эстелик Бишкек шаарындагы баатырдын аты берилген паркта коюлган. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен Мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана Согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 

Мамлекет башчысы Жеңиш күнү өтө көп жоготуулар менен жетишилген улуу майрам экенин белгиледи. Бүтүндөй Советтер Союзунан Согуш маалында 27 миллионго жакын адам курман болгон.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согуш Кыргызстандагы ар бир шаарга, ар бир айыл-кыштакка жана ар бир үй-бүлөгө кесепетин тийгизген. Согушка республикадан 365 миң адам кеткен, алардын үчтөн бири келбей калган. 150 миңден ашуун кыргызстандык ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Чолпонбай Тулөбердиев Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү аты коюлган паркта ачылды. 11 гектарды ээлеген парктын аймагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук оңдолуп- түзөлгөн.

Буга чейин аталган паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө демилгени Кубанычбек Керимбеков жетектеген Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан. Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков паркты көрүп чыкты, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Мамлекет башчысына жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштери жөнүндө айтып берди.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13