
АКШ Кыргызстанга COVID-19га каршы чара көрүүгө 1,38 миллион доллар бөлүп берүүдө

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (СDC) Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы чара көрүүгө 1,38 миллион доллар бөлүп берүүдө. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз Республикасындагы АКШ ЭЛЧИЛИГИнин басма сөз кызматы 7-майда билдирди.
Алынган маалыматка караганда, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) Борбор азия мамлекеттерине COVID-19дун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларды колдоо максатында 6,8 млн. доллар, анын ичинде Кыргыз Республикасына 1,38 млн доллар бөлүп берүүнү максаттоодо.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун Борбор азиядагы кеңселери бул жаңы каржы каражаттарды, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аныкталган, илдетке каршы чаралардагы кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюуга жана эң ыкчам аракеттерди талап кылган муктаждыктарга жумшамакчы. Кыргыз Республикасы үчүн COVID-19ду аныктоочу лабораториялык шаймандарды жана каражаттарды сатып алуу, коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине тренингтерди өткөрүү, чек алалардагы ден соолук абалын аныктоого техникалык жардам, жана ошондой эле, клиникалык протоколдорду иштеп чыгып жүзөгө ашыруу маанилүү деп аныкталган. 2020-жылдын 7-майында, Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун аймактык директору доктор Даниэль Сингер, Саламаттык сактоо министри доктор Сабижан Абдикаримов жана Мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинин директору доктор Абдыкадыр Жороев, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчили Дональд Лу тарабынан уюштурулган Facebook-тагы тикелей пресс жыйынга катышышты.
“Бул каражаттар Кыргыз өкмөтүнүн вирустун жайылышын басаңдатууга карата көргөн чараларын мындан да күчөтүүгө мүмкүндүк берет,” – деди CDCнин Борбор азия боюнча директору доктор Даниэль Сингер, – “Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун Борбор азия чөлкөмүндөгү ВИЧ илдети учурунда, кургак учук жана башка пандемиялык оорулга каршы ден соолукту чыңдоого багытталган узак мөөнөт салымдары, пайда болгон коркунучтарга тез жана эффективдүү даярдык көрүүгө негиздердин пайдубалын түптөгөн. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташтыгыбыз мурункудан болуп көрбөгөндөй мааниге ээ.”
CDCнин билдирүүсүнө жооп катары, саламаттык сактоо министри доктор Сабижан Абдикаримов “Борбор Азияда CDC менен кызматташуунун улантылышы министрликтин коронавирустун пандемиясына жооп кайтаруусун күчөтөт. Бөлүнгөн каражат саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жогорулатуу максатында сарпталат ”.
«Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасын приоритеттүү деп аныктап алдыңкы катарда COVID-19га каршы күрөшкө жардам иретинде 913,000 доллар нарктагы жеке коргоо каражаттарын USAID аркылуу, жана эми 1,3 миллион CDC аркылуу бөлүп берүүдө. Бул АКШ Кыргыз өкмөтү глобалдык пандемияга каршы эффективдүү чараларды көрдү деп эсептээрин чагылдырат», –деп белгиледи АКШ элчиси Дональд Лу.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун Борбор азиядагы кеңсеси (CDC) COVID-19га байланыштуу жагдайга кылдат көз салып жана илдеттин тарап баштаганынан бери Борбор азиянын саламаттык сактоо министрликтерине, тренингтерди өткөрүп, чукул операциялар боюнча техникалык жардам, лабораториялык иштерге, ооруну жуктуруп алууну алдын алууга жана чек арадагы саламаттык көзөмөлгө, коркунучтар тууралуу маалымат жайылтуу менен ооруга байкоо жүргүзүү иштерине колдоо көрсөтүп келет.
Кеңселер алдыңкы эл аралык саламаттык сактоо уюмдарынын техникалык аныктамаларын орус тилине которуп саламаттык сактоо мекемелери арасында жайылтуу үчүн таркатып келет. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору окутуу, лабораториялык жабдыктарды сатып алуу жана өлкөгө кирүү аймактарында ден соолукту текшерүү шаймандарын алып берүүнү камтыган COVID-19га каршы күрөш планын иштеп чыгууну аяктоо үчүн Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги менен кызматташмакчы.
CDC – АКШдагы коомдук саламаттыкты сактоодогу алдыңкы мекеме, жана Борбор азия мамлекетеринин өкмөттөрү менен коомдук саламаттыкты сактоо жаатында көптен бери уланып келе жаткан тарыхка ээ. CDC өзүнүн биринчи кеңсесин Алматыда 1995-жылы ачкан, жана учурда анын өкүлчүлүктөрү Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда жайгашкан. CDC ар бир саламаттык сактоо министрлик менен, бул өлкөлөр илдеттердин жайылышына ыкчам чара көрүүсүн жакшыртуу максатында жергиликтүү лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, ооруларга жана калкка эпидемиялоогиялык көзөмөл кылуу багыттарында иш жүргүзүп келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38