KELECHEK
rek

Пандемиядан улам Бишкекте 71,5 миң ишкана ишин токтотту

Пандемиядан улам Бишкекте 71,5 миң ишкана ишин токтотту

Иллюстрациялык сүрөт.

Пандемиядан улам Бишкекте 71,5 миң ишкана ишин токтотту. Натыйжада анда иштеген 155 миң адам убактылуу жумушсуз калды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев бүгүн, 7-майда брифингде билдирди. Анын айтымында, баш калаадагы кафе-ресторан, тойканалар, кызмат көрсөтүү, тейлөө кызматтары ишин токтотту. Ушундан улам, Бишкектин экономикасы начарлоодо.

«Жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке алгачкы төрт айда болжолдонгон 3,2 млрд. сомдун ордуна 2,3 млрд. сом гана түштү. Салык негизинен орто жана чакан ишканалардан, патенттен түшөт. Шаар бюджети социалдык жактарды каржылоого чыгымдалат», - деди ал.

Бакетаевдин маалыматы боюнча, Бишкектин мэриясы бюджетти кайра карап, чыгашаларды оптималдаштырууну чечти. Вице-мэр ошондой эле шаарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында азык-түлүк саткан ири базарларга, соода борборлоруна иштөөгө уруксат берилгенин да белгилеп, шаарда ун таңсыктыгы жок экенин айтып кетти.

Бишкектин мэриясынын алдында ачылган атайын эсепке кайрымдуулук фонддорунан жана жеке жарандардан келип түшкөн акчанын суммасы 4,4 млн. сомду түздү.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте 25-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланган. Акыркы он күндөн бери борбор шаардын аймагында COVID-19 илдетин жуктуруп алган жарандардын саны көбөйүп жатканы айтылууда. Республикалык штабдын маалыматына караганда, 7-майга карата өлкөдө катталган 895 адамдын 257си Бишкек шаарында. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38