Өкмөт экономиканы колдош үчүн 40 млрд. сомдун каржы булагын тапканын билдирди
Өкмөт экономиканы жана ишкерликти колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи баскычын иштеп чыкканын маалымдады. Бул тууралуу "Азаттык" өкмөттүн басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.
Ал программа ишкерлерге жеңилдетилген насыя жана салык келишиминин милдеттенмелерин кайра карап чыгууга багытталган бир катар фискалдык чаралар, салыктар менен социалдык төлөмдөр боюнча карыздарды реструктуризациялоону жүргүзүү каралган 19 иш-чараны камтыйт. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев каржылоонун булагы табылганын билдирди.
«Биз каржылоо булактарын таптык. Кеп болжол менен 40 млрд. сом тууралуу болуп турат. Анын ичинде Кумтөрдүн эсебинен 4,2 млрд. сом, донорлордун эсебинен 14 млрд. сом, тышкы карызды реструктуризациялоонун жыйынтыгы боюнча – 4,3 млрд. сом бар. Ошондой эле 17,5 млрд. сомго жакыны Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу башка булактардан», - деди Абылгазиев.
Мындан сырткары учурда өкмөт экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча кыска мөөнөттүү программа даярдап жатканын маалымдады.
Ишкерлер, айрым парламент депутаттары ишкер чөйрөнү колдоо боюнча өкмөттүн так программасы жок экенин сындап келе жатышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38