KELECHEK
rek

CDC: коронавирус Алматыдагы лабораториядан тараган эмес

CDC: коронавирус Алматыдагы лабораториядан тараган эмес

Коронавирустун жаңы түрү Алматыдагы коркунучтуу инфекциялар  лабораториясынан тараган эмес. Бул тууралуу АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана профилактика жүргүзүү борборунун (Center for Disease Control and Prevention, CDC) өкүлү билдирди.

CDC борборунун аймактык директору Дэниел Сингер 6-майда телефон аркылуу брифинг өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал вирус Алматы лабораториясынан таралышы мүмкүн эмес экенин айтты. Муну менен ал кытай сайттарынын биринде “вирус Казакстандагы "америкалык лабораторияда" даярдалып, Кытайга алынып келинген болушу ыктымал” деген билдирүүнү четке какты.

— Вирус чыгаруу үчүн лабораторияга алдыңкы технологиялар жана төртүнчү деңгээлдеги коопсуздук керек. Менимче, Алматыдагы лаборатория үчүнчү деңгээлдеги коопсуздукка ээ. Андыктан, бул лаборатория мындай вирусту түзүүгө кубаты жетет дегенге ишенбейм, — деди Дэниел Сингер.

CDC өкүлү лаборатория америкалык экенин да четке какты. Сингер АКШ өкмөтү бул объектини курууну каржылаганын, CDC жабдууларды берип, кызматкерлерди окутканын белгиледи. Ал Алматыдагы лабораторияда бир да америкалык жаран иштебей турганын кошумчалады.

— Вирустун Алматыдагы лабораторияда пайда болушу жөнүндөгү маселеде мен АКШны сындоону эмес, Казакстан суверенитеттүүлүгүнө чабуул жасоону көрүп турам. Себеби бул алардын объектиси жана лабораториясы, кандай иликтөө жүргүзүүнү алар өзүлөрү чечет.

Коронавирустун жаңы түрү Алматыдагы лабораторияда тараган деген божомолду Sohu.com жарыялаган. Бул маалыматтык басылма эмес, жалпы технологиялык плафторма. Мындай платформага чыккан маалымат кытай бийлигинин расмий көз карашын билдирбейт. Буга чейин сайтта Казакстан жана Кыргызстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген маанайдагы макала жарыяланган.

АКШ бийлиги коронавирустун жаңы түрү Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан жаңылыштык менен тарап кеткен болушу мүмкүн экенин билдирип келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52