KELECHEK
rek

Тимошенко саясий куугунтук үчүн 5,5 млн доллар компенсация алды

Тимошенко саясий куугунтук үчүн 5,5 млн доллар компенсация алды

Юлия Тимошенко

Украин саясатчысы, "Батькивщина" партиясынын жана фракциясынын лидери Юлия Тимошенко саясий куугунтуктан тарткан чыгымдары үчүн компенсация алып, миллионер болду.

Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча улуттук агенттиктин сайтындагы декларацияга ылайык, 24-апрелде Тимошенкого 148 миллион гривен (5,5 миллион доллар) өлчөмүндө киреше түшкөн. Кирешенин булагы “2011-2014-жылдардагы саясий репрессиядан тарткан зыяндын компенсациясы” экени көрсөтүлгөн. Саясатчы каражатка сотко чейинки териштирүү баскычында ээ болгон. Акчаны АКШнын Техас штатында катталган Reid, Collins, Tsai LPP компаниясы которгон.

Юлия Тимошенко 2011-жылы президент Виктор Януковичтин тушунда Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматын кыянат пайдаланууга айыпталып, жети жылга абакка кесилген. Мындан тышкары "Нафтогазга" бир жарым миллиард гривен төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал 2014-жылы өкмөткө каршы нааразылыктардан кийин бошотулган.

АКШ жана Евробиримдик Тимошенко саясий куугунтукка кабылганын билдирген. 2013-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту кылмыш ишин кароодо мыйзам бузууларга жол берилгени жөнүндө токтом чыгарган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52