KELECHEK
rek

Эл аралык донорлордон келген жардамдын суммасы 174,5 миллион долларды түздү

Эл аралык донорлордон келген жардамдын суммасы 174,5 миллион долларды түздү

Кыргызстан эл аралык өнөктөштөрдөн алган каржылык жардамдын жалпы суммасы 174,5 миллион долларды түздү. Бул тууралуу 5-майда президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алган маалда белгилүү болду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, министр бюджет чыгымдарынын кыскартылышы корголгон беренелер менен социалдык төлөмдөргө таасир этпей турганын билдирди.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков бюджетти колдоо үчүн кошумча каражат тартуу боюнча иштерди күчөтүү, тышкы карызды реструктуризациялоо тууралуу эл аралык каржы институттары жана донор өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү экенин белгиледи.

Болжолдуу маалыматтар боюнча 2020-жылдын январь-апрель айларында бюджеттин киреше бөлүгү 77,2% аткарылган. Бул пландалган суммадан 9,7 миллиард сомго аз.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Эксимбанктын алдындагы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшкөнү кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38