KELECHEK
rek

Тажикстанда ишкер коронавируска каршы дезинфекциялоо кабинасын иштеп чыкты

Тажикстанда ишкер коронавируска каршы дезинфекциялоо кабинасын иштеп чыкты

Тажикстандык ишкер Фазлиддин Ахмадов базарлардын, ооруканалардын жана көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришине орнотууга ылайыктуу дезинфекциялоочу кабина иштеп чыкты.

«Азыр адамдар колдоруна антисептик чачып жатышат, бирок кийимдери дезинфекция болбой калууда. Үйлөрүнө барганда балдары кучактап, вирус жугушу мүмкүн. Бул аппаратта атайын жасалган аралашма бардык тараптан чачылып, бир нече секунддун ичинде эле кийимди тазалап коет», — деди ишкер.

Кабинада дезинфекциялоо эки баскычта жүрөт: алгач тазаланган суу, 10% деохлор, 5% спирт жана эфир майынан турган аралашма, анын артынан курамында 65% спирт бар глицерин менен ароматизаторлордун аралашмасы чачылат.

Ахмадовдун айтымында, аппарат автономдуу режимде, кабинага адам кирери менен иштей баштайт.

Тажик бийлиги 30-апрелде гана өлкөдө коронавирус катталганын билдирген. 5-майга карата өлкөдө коронавирус 300гө жакын адамга жукканы, алардын бешөө көз жумганы расмий кабарланды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...