KELECHEK
rek

Кытай COVID-19 корунучу жөнүндө үн катпай, коргонуу каражаттарын чогулткан

Кытай COVID-19 корунучу жөнүндө үн катпай, коргонуу каражаттарын чогулткан

АКШ бийлиги Кытай коронавирустун жайылуу масштабын жана анын канчалык деңгээлде корунучтуу экенин жашырып, коргонуу каражаттары менен медициналык препараттарды чогултуп алган деген шектенүүлөрдү четке каккан жок.

Бул тууралуу Associated Press агенттиги АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин ички баяндамасына таянуу менен билдирди.

Документ 1-майда даярдалган. Анда Кытай вирустун канчалык деңгээлде коркунучтуу экенин жашырып, ошол эле маалда медициналык товарлардын импортун көбөйтүп, экспортун кыскартканы айтылат.

3-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жаңы коронавирус Кытайдагы лабораториядан чыкканын далилдеген «фактылар абдан көп» экенин билдирген. Ал жекшембиде «ABC News» телеканалына интервью берип, Бээжин COVID-19 жараткан коркунуч тууралуу маалыматты өз убагында айтпай, жаап жашырган деп сындап, «Кытай Компартиясы дезинфомациясы үчүн жооп берет» деген. Ага чейин президент Дональд Трамп бул вирус Ухандагы лабораториядан тараганын айтып, Кытай бийлиги менен катар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун да айыптаган.

Кытайдын англис тилинде чыккан «Global Times» басылмасы дүйшөмбү күнү Помпеонун дооматына комментарий берген. Анда мамкатчынын колунда вирустун Ухандан чыкканын көргөзгөн эч кандай далилдери жок экени айтылат.

«Трамптын администрациясы үгүт өнөктүгүн улантууда жана пандемияга каршы аракеттерге тоскоол болууда» деп жазды гезит.

Ушул тапта дүйнө жүзүндө үч жарым миллиондон ашуун киши вирус жуктуруп алды, 248 миң адам көз жумду. Анын ичинде АКШда 68 миңден көп киши өмүр менен кош айтышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...