Мэрия COVID-19га тест тапшырбаган жарандарга Бишкекке кирүүгө тыюу салышы мүмкүн
11-майдан тартып Бишкек шаарына COVID-19га тест тапшыргандыгы тууралуу аныктамасы бар жарандарга гана кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова 4-майда онлайн-бирифингде билдирди.
«Өзгөчө абал режими алынгандан кийин Бишкек мэриясы транспорт каражаттары менен адамдардын шаарга кирүүсүнө бир катар чектөө чараларын киргизүү маселесин караштырып жатат. Алардын арасында ПЦР-анализ тапшыруу же экспресс-тесттен өтүү чаралары бар», — деди Кузнецова.
Анын айтымында, мындан тышкары коронаврус жуктуруп алган адамдар аныкталган жаңы конуштардагы карантин чараларын күчөтүү жана ички блокпостторду коюу маселеси да каралууда.
Кыргызстанда апрелдин аягынан тартып жеке лаборатория COVID-19га ПЦР-анализдерди кабыл ала баштаган. Анын баасы 2 миң сомдун айланасындагы сумманы түзөт.
4-майга карата Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамга жетти. Алардын 70и дарыгерлер, 24ү милиция кызматкерлери.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13