KELECHEK
rek

Түркмөнстанда 9-майда аскердик парад өтөт

Түркмөнстанда 9-майда аскердик парад өтөт

Түркмөнстан дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына карабастан, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын аскердик парад жана майрамдык иш-чаралар менен белгилейт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ушу тапта аскер кызматкерлери парадка даярдык көрүп, атайын техникалар кароодон өткөрүлүүдө.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги өлкөдө аскердик параддан тышкары Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына сыйлык берүү салтанаттары уюштуруларын жазды.

Расмий түрдө коронавирус жуктургандар жок экени айтылып жаткан Түркмөнстанда көптөгөн адамдардын катышуусундагы түрдүү майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп келет. Нооруз майрамынан кийин өлкөдө жашылдандыруу акциясы, жалпы улуттук веложүрүш жана Улуттук аргымак күнү салтанаттуу белгиленген. Ушу тапта футбол боюнча өлкөнүн чемпонаты да уланууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...