KELECHEK
rek

Нурматов: Вирус жугузгандардын 67% оорунун белгилери болгон эмес

Нурматов: Вирус жугузгандардын 67% оорунун белгилери болгон эмес

Кыргызстандагы коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын 67% оорунун белгилери болгон эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) көрсөткүчтөрүнө дал келет:

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл башында эле коронавирус айрым адамдарда симптомсуз өтүп кетүүсү ыктымалдыгын, 65% адамдар өзүндө вирус бар экенин билбей, башкаларга жуктуруп жүрө бериши ыктымал деп билдирген. Биздеги дарыгерлердин берген көрсөткүчүндө вирус жуктуруп алган адамдардын 67% оорунун эч кандай белгисин сезген эмес. Ошондуктан айрым ооруканага жаткырылган мекендештерибиз "оорубасам деле жаткырып коюшту" деп доомат кылып жатышат, алар туура түшүнүшү керек. Оору жуктуруп алганын билбей, элди аралап жүрө бериши мүмкүн, ошондуктан аларды ооруканага жаткыруу зарыл".

Зуридин Нурматов оорунун белгилери болбогон адамдар бүгүн деле арабызда жүрүшү ыктымал деп кошумчалады.

3-майга карата Кыргызстанда коронавирус 795 адамдан аныкталды. Он киши оорудан көз жумду. 564 адам илдеттен айыкты. Коронавирус аныкталган 795 адамдын 207си медицина кызматкерлери. Алардын 139у сакайып чыкты. Бир доктур көз жумду.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган алгачкы үч адам 18-мартта катталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38