
Бишкек: Коронавирус дагы эки жаңы конуштун тургундарында бар болуп чыкты

Бишкектин четиндеги жаңы конуш. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкекте коронавирус дагы эки жаңы конуштун тургундарынан табылды. Бул тууралуу 4-майда онлайн брифингде вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.
Анын айтымында, баш калаада илдет жуккан 231 адамдын 69у шаар четиндеги 16 жаңы конушта жашайт.
Буга чейин вирус 14 конушта табылган, эми алардын катарына Красный строитель жана Эне-Сай кошулду.
Эң көбү Арча-Бешикте – 21 адам. Мындан тышкары Ак-Босогодо 13, Көлмөдө 11, Көк-Жарда беш адам. Ак-Өргөдө жана Ынтымакта үчтөн, Керамическая, Ак-Ордо, Учкунда экиден, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо, Касым, Мурас-Ордо, Тынчтык, Красный строитель, Эне-Сай конуштарында бирден адам катталды.
30-апрелде Бишкек мэри Азиз Суракматов баш калаанын тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу экенин айткан.
Бүгүнкү күндө борбордо илдет жуккандар боюнча Ленин району алдыда – 82 адам. Октябрь районунда 45, Биринчи май районунда 41 жана Свердлов районунда 21 адам.
Бишкектин тегерегинде жалпысынан 47 конуш бар.
"Азаттык" үналгысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38