Кыргызстан CASA-1000 долбооруна катышат
Президент Алмазбек Атамбаев CASA-1000 энергетикалык долбооруна байланыштуу Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Европа инвестициялык банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн келишимдерди ратификациялаган мыйзамга кол койду.
Үч келишимдин алкагында Кыргызстандын 500 кВт “Датка” көмөк чордонунан Тажикстандын “Хужент” чордонуна чейин, андан ары Кабул аркылуу (Ооганстан) Пешавар станциясына (Пакистан) электр кубатын өткөрүүчү зымдар тартылат.
Долбоорго ылайык, майдан сентябрга чейин Кыргызстан менен Тажикстандандан Пакистан жана Ооганстанга электр энергиясын экспорттоо пландаштырылууда.
Келишимдин алкагында Европа инвестициялык банкы кыргыз тарапка 70 миллион евро, Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 45 миллион доллар бөлүп берет. Долбоордун жалпы суммасы 1 миллиард долларды түзөт. Анын 233 миллиону Кыргызстанга багытталат.
Насыяга алынган акчаны электр кубатын экспорттоодон түшкөн каражаттын эсебинен кайтарып туруу пландаштырылууда. 2016-жылдын 12-майында Тажикстандын Турсунзаде шаарында CASA-1000 долбоорунун расмий башталыш аземи өткөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38