KELECHEK
rek

AI: Айрым өлкөлөрдө COVID-19га каршы «репрессиялык» чаралар көрүлүүдө

AI: Айрым өлкөлөрдө COVID-19га каршы «репрессиялык» чаралар көрүлүүдө

Нур-Султан шаарындагы эшиктери тосулган көп кабаттуу үй

Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү COVID-19 пандемиясына каршы адам укуктарын бузган, репрессиялык чараларды көрүүдө. Бул тууралуу эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун 29-апрелде жарыяланган баяндамасында айтылат.

Изилдөөнүн авторлору Чыгыш Европада жана Борбор Азияда жайгашкан мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү абалга анализ жүргүзүшкөн.

Укук коргоочулар аймактагы айрым өлкөлөрдө бийлик пандемияны чексиз ыйгарым укук катары кабыл алып, адам укуктарын бузуп жатышканын белгилешти. Алардын айтымында, Казакстанда бийлик тургундарды сыртка чыгарбаш үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн эшиктерин ширетип, Чеченстанда полиция кызматкерлери беткап тагынбаган жарандарды сабап жатышат.

Баяндамада медициналык жайларды оптималдаштыруунун алкагында Орусияда ооруканалар менен дарыгерлердин саны кыскартылып, коргонуу каражаттары менен дары жетишсиздигине даттанган медиктерге карата административдик кысым болуп жатканы белгиленген.

«Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн көбүндө бийлик өзүнө карата айтылган сындарды токтотуу үчүн репрессиялык ыкмаларга барып жатышат. Аймакта социалдык түйүн колдонуучулары, журналисттер жана медицина кызматкерлери жоопкерчиликке тартылган учурлар көп катталды», — деп жазылган баяндамада.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53