Бишкекте кризистик борборлордун ишине уруксат берилиши мүмкүн
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев карантин жарыялангандан бери калаада үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөндүгүн, буга байланыштуу кризистик борборлордун ишине уруксат берүү маселесин карап чыгууга макул экенин билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 62% жогору.
«2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 катталды. Мындан улам үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар баш калкалоочу кризистик борборлордун ишине уруксат берүү маселесин карап чыгууга макулмун, бирок ал жайларда коронавирустун жайылбашы үчүн бардык коргонуу шарттары камсыз болушу зарыл», - деди комендант.
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылууда.
2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53