COVID-19: Казакстанда дарыгерлер ала турган кошумча төлөмдөр башка адамдарга берилген
Казакстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды дарылап жаткан медицина кызматкерлерине кошумча акча төлөп берүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Айбатыр Жумагулов билдирди.
«Дарыгерлердин тобокелдик тобу (медиктерге вирус жуктуруп алуу тобокелдигине жараша акча төлөнүп берилет) жана иш убактысынын бир айлык балансы жогорулатылып көрсөтүлгөн. Мындан тышкары кошумча төлөмдөр параклиникалык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине эмес, маалыматтык системаларда жок адамдарга берилген», — деди Жумагулов.
Ал мыйзам бузуудан улам кошумча төлөм албай калган 26 миңге жакын медицина кызматкерине каражат берилерин кошумчалады. Бул максатта бюджеттен 35,7 миллиард теңге (82 миллион доллар) бөлүнгөн.
Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда март айы үчүн 17 425 медицина кызматкери 7,8 миллион доллар өлчөмүндө кошумча каражат алган.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 2289 адамга жетти. Алардын 652син медицина кызматкерлери түзөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38