KELECHEK
rek

HRW: Карантин маалында Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктары бузулууда

HRW: Карантин маалында Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктары бузулууда

Иллюстрациялык сүрөт

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму карантин маалында Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктары бузулуп жатканын билдирди.

Уюмдун 23-апрелде жарыяланган атайын баяндамасында Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан коронавирустун жайылышын токтотуу боюнча «маанилүү кадамдарга» барганы менен ал чаралар дарыгерлердин, журналисттердин жана активисттердин укугун чектөө үчүн колдонулуп жатканы белгиленген. Мындан тышкары айрым учурларда карантин чаралары чектен чыгып кетип жатканы да айтылган.

«Чукул чаралар убагында жана вируска каршы келечекте көрүлө турган иш-аракеттер учурунда адам укуктары сакталышы керек. Чектөөлөр журналисттерге, медицина кызматкерлерине жана коомчулукка маалымат жеткирүүгө аракеттенген башка адамдарга каршы колдонулбашы керек», - деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Мындан тышкары «Human Righrs Watch» уюму Түркмөнстан менен Тажикстандын бийлиги калкка коронавирус инфекциясы тууралуу ачык маалымат бербей, жарандарынын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгилеген.

23-апрелге карата өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны Казакстанда 2207, Өзбекстанда 1716, Кыргызстанда 631 адамга жетти. Тажикстан менен Түркмөнстан коронавируска чалдыккандар тууралуу маалымат бере элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53