KELECHEK
rek

Исаков, Сатыбалдиев жана Авазов колонияга которулду

Исаков, Сатыбалдиев жана Авазов колонияга которулду

№1 тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 колонияга, дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияга, ал эми «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду.

Алар аталган колонияларга 23-апрелде жеткирилгенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады.

22-апрелде ЖАМКтын атайын комиссиясы соттолгон 86 адамдын жазасын өтөө жайын аныктоо боюнча жыйын өткөргөн. Алардын ичинде жогоруда аты аталган мурдагы аткаминерлер да бар болчу.

«№1 тергөө абагында камакта отургандар көп. Андан тышкары абакта отургандар да көптөн бери которула элек болчу. Азыр убактылуу кармоо жайларында да киши толуп калды. Аларды болсо тергөө абагына киргизиш керек», - деди ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. Авазов 11 жыл 3 айга, Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн күчүндө калтырган.

Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып жүрүшөт.

22-апрелде Исаковдун адвокаттары аны колонияга которуу мыйзамсыз экенин билдирип чыгышкан. Муну ага карата козголгон дагы бир иш боюнча өкүм чыга элек экендиги менен негиздешти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53