KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Учурдагы кырдаал жана ошондой эле өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө, анын кесепеттерин жоюу жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам берүү боюнча чаралардын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

Президент өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн режимде улантуу зарылдыгын баса белгилеп, экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жаңыртууга, жазгы талаачылык иштерин талаптагыдай жыйынтыктоону камсыз кылууга көңүл бурду.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө экенин баса белгиледи.

Жалпы республика боюнча 42 миңдей анализ алынды, анын 656сында коронавирус инфекциясы бар деп табылды. Ошону менен бирге 322 адам илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Илдетти жуктургандардын ичинен 172 адам медицина кызматкерлери — врачтар, орто, кичи персоналдар жана башка кызматкерлер. Алардын ичинен 53 медицина кызматкери айыгып, ооруканалардан чыгышты.

Кубатбек Боронов бүгүнкү күндө жугузуп алгандар менен байланышта болгондордун бардык контингенти көзөмөлдө — каттоодо экенин, алар менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, анализдер алынып жаткандыгын баса белгиледи. Илдет аныкталбаган жарандар дагы врачтардын байкоосунда же үй карантининде.

Ал кийинки этапта илдет жуктуруп алгандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо боюнча иш алып барылаарын кошумчалады.

Ал үчүн бир апта аралыгында эпидемиологиялык иликтөөлөр, бардык жерде текшерүүлөр  жүргүзүлөт. Өзгөчө жаңы конуштарга жана эл жыш жайгашкан жерлерге көңүл бөлүнөт.

Ошондой эле Кубатбек Боронов жалпы республика боюнча калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жана коронавируска каршы күрөшүүгө байланыштуу түзүлгөн кырдаалда материалдык жактан кыйын күнгө кабылган жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иштер улантылып жатканын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12