Жалал-Абадда издөөдө жүргөн атуул 14 кылмыш жасап, 800 миң сомдук буюмдарды уурдаган
Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Жалал-Абад ОИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, облус аймагында 14 кылмыш фактыларына тиешеси бар издөөдө жүргөн Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Бирдик айылынын тургуну 26 жаштагы А.Т кармалды.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, бул жаран Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан КЖКнин 353-беренеси менен кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн.
Буга чейин Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Сузак, Базар-Коргон Ноокен аймактарында жүрүп ар кандай уурулук жасагандыгы аныкталып жалпысынан 14 фактыга тиешеси бар экендиги далилденип кылмыштын бети ачылды.
Мисалга алсак, үйдөгү зергер буюмдарды, үй буюмдарын, компьютер жана башка буюмдарды уурдаган. Мындан сырткары, анын Бишкек шаарында жасаган эки кылмыш иши аныкталып, далил буюмдары (уурдалган мотоцикл) алынган.
“Уурдалган буюмдардын жалпы суммасы 800 000 сомду түзгөн. Азыркы учурда кылмышкер убактылуу кармоочу жайда кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Сот тарабынан санкция берилип 2 айга камака алынды”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05