KELECHEK
rek

Өзбекстанда унду кымбат саткан маале башчысы 15 суткага камалды

Өзбекстанда унду кымбат саткан маале башчысы 15 суткага камалды

Самаркандда муктаж үй-бүлөлөргө арзан сатылышы керек болгон ундун ар бир кабына 15 миң сумдан (1,5 доллар) кошуп саткан маале башчысы 15 суткага камалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, 18-апрелде Самарканд облусунун Ургут районундагы «Юкори Кайрокли» маалесинин төрагасы муктаж үй-бүлөлөргө бир кабы 145 миң сумдан (14,2 доллар) сатылышы керек болгон 48 мүшөк ундун ар бирин 160 миң сумдан (15,6 доллар) саткан.

Сотто маале башчысы унду 15 миң сумга (1,5 доллар) кымбат сатканын, учурдан пайдаланып кошумча акча таап алууну көздөгөнүн мойнуна алды.

Ургут райондук соту маале төрагасын «Мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү» жана «Улуттук гвардия кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 15 күнгө камакка алуу өкүмүн чыгарды. Мындан тышкары ал 1 115 000 сум (109 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53