KELECHEK
rek

АКШнын Миссури штаты коронавирус пандемиясына байланыштуу Кытайды сотко берди

АКШнын Миссури штаты коронавирус пандемиясына байланыштуу Кытайды сотко берди

АКШнын Миссури штатынын башкы прокурору Кытайга каршы америкалык сотко доо арыз жазды. Эрик Шмитт Бээжинди жаңы коронавирус тууралуу маалыматтарды жашырууга айыптап, мындан улам штаттын жашоочулары зыянга учураганын билдирүүдө.

Доо арызда алгачкы баскычтарында пандемияны токтотууга мүмкүн болгондугу, анын дүйнөгө жайылганына Кытай жооптуу экени жазылган. Шмитт кытай бийлиги өлкөнү эртерээк жабышы керек болчу деп эсептейт. Ал Бээжинди вирус адамдан адамга жугарын эскерткиси келгендердин оозун жабууга да айыптады.

Доо арызда коронавирустан улам Миссуриде жумушсуздук көбөйүп, пандемия штатка экономикалык да зыян алып келгени белгиленген.

АКШда Кытайга каршы мындан башка дагы бир нече жеке доо арыз жазылган. ABC телеканалы Нью-Йорктун үч жашоочусу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) каршы сотко кайрылганын кабарлаган. Алар уюмду пандемия тууралуу маалымат берүүдө Бээжин менен кутумга барган деп айыпташууда.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп ДССУну коронавируска каршы күрөшүүдө өзүнүн негизги милдеттерин аткара алган жок деп айыптап, уюмду каржылоону убактылуу токтото турганын билдирген. Трамптын пикиринде, ДССУ Кытайга ашыкча ишенип, пандемиянын өөрчүшүн токтотуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберген. Мындан тышкары АКШнын президенти Кытай коронавирус илдетинин жайылышы пандемия деңгээлине жеткенине атайлап жол бергени аныкталса Бээжин анын кесепетин тартаарын эскерткен. Ал ошондой эле COVID-19 вирусунан каза болгондордун саны боюнча Кытайдын расмий статистикасына ишенбей турганын кошумчалаган.

Өз кезегинде ДССУ бул айыптоолорду четке каккан. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь вирус атайын жасалганы тууралуу кабарларды төгүндөп, айыптоо эч кандай далил менен коштолбогонун маалымдаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53