ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ БЕРДИ (ФОТО)
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчиси Кенешбек Усенов баштаган эмгек жатааты жана студенттер менен биргеликте Жалал-Абад шаарында жашаган 750 муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк салынган баштыкчаларын таркатып беришти.
«Күнүмдүк тамак-ашка колдонуучу азык-түлүктөрдөн картошка, пияз, сабиз, кумшекер, ун, май жана макарон салынган баштыктар колдоого муктаж үй-бүлөлөргө берилди.
Шаардык мэрия тарабынан атайын жардамга муктаж 750 жарандардын тизмемси алынып, жалпы 700 миң сом өлчөмүндөгү каражатка азык-түлүк сатылып алынган. Бул менен эле чектелип калбайбыз, биримдик жана ынтымак менен ооруну жеңебиз!» - деген оюн жарандар менен жолугушуу учурунда ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты бир күндүк эмгек акысын COVID -19 вирусу менен күрөшүү фондуна 450 миң сом акчалай каражат бөлүп берген. Андан сырткары чет элдик студенттер тарабынан 100 миң сом Жалал-Абад шаардык мэриясынын казынасына жардам катары берилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13