KELECHEK
rek

Израиль: Нетаньяху менен Ганц өкмөттү бирге курайт

Израиль: Нетаньяху менен Ганц өкмөттү бирге курайт

Иерусалим, апрель, 2020-жыл.

Израиль премьер-миинстри Биньямин Нетаньяху жана анын шайлоодогу мурдагы атаандашы Бенни Ганц өкмөттү бирге куроого келишти.

Бул чечим Израилди бир жылга созулган саясий туңгуюктан чыгарат дегенди билдирет. Муну менен катар Биньямин Нетаньяху коррупцияга байланыштуу айыптоолордон да кутулат.

"Нью-Йорк таймс" гезити маалымдагандай, жаңы өкмөт куралса, Израиль төртүнчү жолу шайлоо өткөрбөйт. Буга чейин үч жолу шайлоо болуп, эч ким жеңишке жеткен эмес. Экиге бөлүнгөн эл биргелешип өкмөт кураган соң коронавирус пандемиясына каршы чогуу күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

19-апрелде Биньямин Нетаньяху өлкө акырындап карантинден чыга баштарын билдирген. Ага ылайык, ишкана-мекемелерде буга чейин жамааттын 15 пайызы гана жумушка келиши керек болсо, эми 30 пайызга чейин көбөйөт.

Ошондой эле электроника, китеп, кагаз-калем жана чарба буюмдарын саткан дүкөндөр ачылат. Андан сырткары коомдук транспорттор каттай баштайт, көчөлөрдө, коомдук жайларда спорт менен алектенүүгө уруксат берилет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52