KELECHEK
rek

Өзбекстан: карантинде жүздөгөн жумушчу заводдо түнөп иштеп жатат

Өзбекстан: карантинде жүздөгөн жумушчу заводдо түнөп иштеп жатат

Өзбекстанда коронавирустан улам коомдук жайларда үч адамдан көп чогулууга тыюу салынганына карабастан, Хорезм облусундагы автоунаа заводунун кызматкерлери жумушта түнөп иштеп жатышат.

Алардын айтымында, жүздөгөн жумушчу апрелдин башынан бери 15 күндүк нөөмөтүн заводдон чыкпай өткөрүштү.

− 500 киши 15 күн жумушта түнөп иштеди. 15-апрелде алардын нөөмөтү аяктап, башкалар келди. Заводдо санитардык эрежелер сакталган эмес, эч кимди сыртка чыгарбайт. Эгер жумушчулардын бирөөсү коронавирус менен ооруп калса, баарына жугат. Анткени бардыгы бир жерде уктайт», — деди жумушчулардын бири.

15-апрелде тартылган видеотасмада төшөнчүлөрүн көтөргөн жүздөгөн жумушчу автоунаа заводунун имаратына кирип жатканын көрүүгө болот. «Бул автоунаа заводу. Жумушчулар төшөнчүлөрүн көтөрө келишкен. Эми булар нөөмөтү аяктаганга чейин бетон полдо укташат», — деген кадр сыртында сүйлөгөн адам.

Өзүн аталган заводдун директорунун жардамчысы деп тааныштырган адам жумушчулар «карантинге байланыштуу» заводдо түнөп жатышканын билдирди. Ал имараттын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга багытталган бардык чаралар көрүлгөнүн белгиледи.

«Алар бул жерде өз ыктыяры менен калып жатышат. Эгер күн сайын үйүнө барып келсе, жолдон вирус жуктуруп алып, кесиптештерине да жуктурушу мүмкүн. Карантин бүткөндөн кийин бардыгы мурдагы калыбына келет», — деди ал.

​Хорезм облусунун Питнак шаарындагы автоунаа заводу 2014-жылы ачылган. «Узавтосаноат» ишканасынын курамына кирген бул заводдо жылына Chevrolet Damas жана Chevrolet Labo үлгүсүндөгү 50-60 миңдей автоунаа өндүрүлөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...