KELECHEK
rek

Орусия мигранттарга мөөнөтү өткөн патент менен 15-июнга чейин иштөөгө уруксат берди

Орусия мигранттарга мөөнөтү өткөн патент менен 15-июнга чейин иштөөгө уруксат берди

Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүктөрдүн патент, виза, миграциялык каттоо жана жумушка орношуу үчүн керектүү болгон башка документтеринин мөөнөтүн автоматтык түрдө 15-июнга чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 15-июнга чейин чет өлкөлүктөр мөөнөтү аяктаган документтери үчүн административдик жазага тартылбайт жана депортацияланбайт. Мындан тышкары мигранттарды жумушка кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыздашы керек болот.

2019-жылы Москва шаарында эле чет өлкөлүк жарандарга 463,7 миң эмгек патенти берилип, калаа бюджетине 18,3 миллиард рубль түшкөн. Пантенттердин жарымы Өзбекстандын, 38% Тажикстандын жарандарына берилген.

Орусияда ЕАЭБке мүчө Казакстан менен Кыргызстандын эмгек мигранттарынан патент талап кылынбайт.

Орусия коронавирус пандемиясына байланыштуу май айына чейин эс алуу күндөрүн жарыялап, мамлекеттик мекемелер ишин токтотуп, карантиндик чаралар киргизилген. Бул жүз миңдеген мигранттарга көйгөй жаратып, миграциялык карта жана жашаган жери боюнча каттоо сыяктуу документтеринин мөөнөтүн узарта албай, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүү коркунучуна кептелген.

Акыркы маалыматтар боюнча 750 миңдей кыргызстандык Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга он миң чамалуу мигрант кайтканы кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53