KELECHEK
rek

Дүйнө лидерлери Трамптын ДССУну каржылоону токтотуу тууралуу чечимин сынга алышты

Дүйнө лидерлери Трамптын ДССУну каржылоону токтотуу тууралуу чечимин сынга алышты

Дүйнө лидерлери АКШ президенти Дональд Трамптын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) каржылоону убактылуу токтотуу чечимин сынга алышты.

Европа өлкөлөрү, Орусия, Кытай, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) каатчылык маалында дээрлик 500 миллион долларлык каржылоону токтотуу туура эмес чечим экенин билдиришти.

«Башкаларды айыптоо эч кандай пайда алып келбейт… Азыр пандемияга каршы күрөшүүдөгү эң мыкты салым — бул каржылоосу ансыз деле жетишсиз болуп жаткан БУУну, анын ичинде ДССУну бекемдөө, тесттерди таратуу жана вакцина иштеп чыгуу болуп эсептелет», — деп жазды Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас «Твиттердеги» баракчасына.

Апта башында АКШ лидери ДССУ коронавируска каршы күрөшүүдө өзүнүн негизги милдеттерин аткара алган жок деп айыптаган. Ошондой эле Трамп администрациясына бул уюмду каржылоону убактылуу токтотуу тапшырмасын бергенин, 2-3 айдын ичинде уюмдун иши боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн билдирген.

Өткөн жылы АКШ ДССУну каржылоого 400 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул уюмдун бюджетинин 15% түзгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38