KELECHEK
rek

Өзбекстан коронавирус жуктургандарга оорукана куруу үчүн 40 миллион доллар коротту

Өзбекстан коронавирус жуктургандарга оорукана куруу үчүн 40 миллион доллар коротту

Өзбекстан атайын ооруканалар менен карантиндик жайларды куруу үчүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча антикризистик фонддон 411 миллиард сум (40,6 миллион доллар) коротту. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары фонддун эсебинен Санитардык-эпидемиологиялык агенттикке 22,3 миллион доллар, коомдук жайларды дезинфекциялоого, карантиндик борбордун кызматкерлерине айлык төлөөгө жана дарыгерлерге кошумча маяна берүүгө 9 миллион доллар бөлүнгөн. 12 миллион доллардан ашык каражатка тест-системалар, реагенттер жана башка коргонуу каражаттары сатылып алынган.

Ошондой эле антикризистик фонддон социалдык тармакка, анын ичинде жумушсуз жарандарды убактылуу иштерге тартууга 5 миллион доллар, муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого 3 миллион доллар, социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө 2,5 миллион доллар бөлүнгөн.

15-апрелге карата антикризистик фондго жалпысынан 158 миллион доллар топтолду. Бул сумманын 98,8 миллион доллары эл аралык каржы институттарынан алынган насыяларды түзсө, калганы мамлекеттик бюджеттин эсебинен толукталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52