KELECHEK
rek

Меркель айрым карантиндик чектөөлөр алынарын билдирди

Меркель айрым карантиндик чектөөлөр алынарын билдирди

Ангела Меркель

Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөдө коронавирустун жайылышын токтотуу максатында киргизилген карантиндик чектөөлөр акырындык менен алына баштай турганын билдирди.

Меркелдин айтымында, кийинки жумадан тартып 800 чарчы метрге чейинки аянтты ээлеген дүкөндөр иштей башташы мүмкүн. Мындан тышкары көлөмүнө карабастан, автосалон, музей, китепкана, архив, зоопарк, ботаникалык бакча, китеп жана велодүкөндөрдүн ишин жандандыруу каралууда.

Ошол эле маалда социалдык байланыштарга киргизилген чектөөлөр кеминде 3-майга чейин сакталат. 4-майдан тартып мектептер, чач тарачтар иштей баштайт деп күтүлүүдө. Бирок ири коомдук иш-чараларды, диний кызматтарды өткөрүүгө августтун аягына чейин уруксат болбошу мүмкүн. Мындан тышкары азырынча кафе-ресторандар, кинотеатрлар жана музыкалык аянтчалар жабык болот.

Канцлер катаал чаралардын аркасы менен утурумдук ийгилик жетишилгенин, эми аны сактап калуу зарыл экенин белгиледи.

Бүгүнкү күнгө карата Германияда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 135 миңге жакындап калды. Алардын 3 800дөн ашыгы каза болду.

Буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрү айрым карантиндик чектөөлөр алынарын билдиришкен. Данияда шейшембиден тартып мектептер жана бала бакчалар иштей баштады. Испанияда курулуш иштери жанданды. Австрияда анча чоң эмес дүкөндөр ачылып, 1-майдан кийин таза абада кээ бир спорт түрлөрү менен машыгууга уруксат берилет деп күтүлүүдө. Италиянын бир катар аймактарында кичинекей балдардын кийимдерин саткан жана китеп дүкөндөрү иштей баштады.

Францияда карантиндик чаралардын мөөнөтү 11-майга чейин узартылды. Бельгияда мындай режим 3-майга чейин сакталат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52