KELECHEK
rek

Трамп ДССУну каржылоону убактылуу токтоторун жарыялады

Трамп ДССУну каржылоону убактылуу токтоторун жарыялады

АКШ президенти Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп өлкө Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) каржылоону токтото турганын маалымдады.

Трамп Ак үйдө брифинг өткөрүп жатып, январдын аягында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясына байланыштуу Кытайга учууларды чектөө жөнүндөгү АКШнын чечимине каршы чыкканын эске салды. Трамп мунун менен уюм пандемиянын өөрчүшүн токтотуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберди деп эсептейт.

"Башка өлкөлөр жана аймактар ДССУнун сунушу боюнча Кытай менен чек араларын ачык бойдон калтырып, коронавирустун бүткүл дүйнөгө тарашын тездетишти", – деди Трамп.

Анын айтымында, Кытайга ашыкча ишенүү менен коронавирусту жуктурган кишилердин саны 20 эсеге көп болуп жатат. АКШ президенти ДССУ негизги милдетин аткара албай калганын жана бул үчүн жоопкерчилик тартышы керек экенин билдирди.

Трамп уюмду каржылоону токтотуу планын 6-апрелде эле жарыялаган. Ал ДССУ негизинен Кошмо Штаттардан акча аларын, ошол эле маалда уюм Кытайга өзгөчө көңүл бөлүп туруп алганын жазган. Анын билдиришинче, АКШ жыл сайын ДССУга 400-500 миллион доллар берет, бул Кытайдын төлөмдөрүнөн 10 эсеге көп.

Бул арада Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш азыр ДССУнун каражаттарын кыскарта турган маал эмес экенин белгиледи.

Дүйнөдө коронавирус жуктурган кишилердин саны эки миллиондон ашты, 126 миңден көп киши өлдү. Ооруну жуктургандар жана өлгөндөрдүн саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Кошмо Штаттарда 614 миңден ашуун адам вирус жуктуруп алды, 26 миңден көп киши көз жумду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52