Коменданттык сааттын мөөнөтү эки саатка кыскарды
Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 15-апрелде парламентте депутат Төрөбай Зулпукаровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 14-апрелдеги комендатуранын буйругуна ылайык, коменданттык саат 21:00 – 6:00 чейин созулат. Орозалиев бул күндүн узарышына жана талаа иштерине жолтоо болбош үчүн көрүлгөн чара экенин билдирди.
Өзгөчө абал учурунда коменданттык сааттын убактысын эки саатка кыскартуу тууралуу буйрукту 14-апрелде Жалал-Абад комендатурасынын башчысы Жеңиш Жоробеков менен Ош комендатурасынын башчысы Малик Нурдинов да чыгарган.
15-апрелде парламент Кыргызстандын Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна 25-мартта киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу, Нарын шаарына жана Ат-Башы райондоруна да өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин 14-апрелде кол койгон жарлыгын бекитүү маселесин карады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53