KELECHEK
rek

Коронавирус жуккан дарыгерлердин эң көбү Бишкекте

Коронавирус жуккан дарыгерлердин эң көбү Бишкекте

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 98 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын эң көбү Бишкек шаарында.

Баш калаада бул илдетке чалдыккан кызматкерлердин саны бүгүнкү күндө 33 адам экени расмий айтылды.

Мындан тышкары Ош шаарында 28, Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда сегиз, Нарын облусунда алты, Баткен облусунда эки жана Чүй облусунда бир кызматкер илдетке чалдыккан.

98 кызматкердин арасынан 27си дарыгер. Медициналык орто персонал – 43, кенже персонал – 23, саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистери – 5 адам.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай көрүнүштү COVID-19 инфекциясынын жугуу деӊгээли өтө жогору экендигине байланыштырууда.

Журналисттердин бул суроосуна жооп берип жатып министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-апрелде «эпидемиологдордун катышуусу менен кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатканын» айтты.

«Азаттык» менен байланышка чыккан дарыгерлер илдетти жумуш ордунан жуктуруп алганын, аларга коргонуу чаралары айтылбаганын билдиришкен.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов оору жуккан дарыгерлер тууралуу сөзү үчүн кечирим сураган.

Жалпысынан, 15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 449 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапкан, 78 бейтап айыгып кетти.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38