KELECHEK
rek

Жээнбеков Кытайдан карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранды

Жээнбеков Кытайдан карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранды

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Эки өлкөнүн башчылары ошондой эле илдет менен күрөшүү үчүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык адистерди жөнөтүү боюнча макулдашты. Маалыматка караганда, Си Цзиньпиң коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстандын аракеттерин колдой турганын белгилеген.

2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы, ички) карызы 4 млрд. 616,56 млн. АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 3 874,57 млн. доллары тышкы, 741,99 млн. АКШ доллары ички карыз.

Сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келет. 2019-жылдын октябрь айына карата Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» 1,7 млрд. доллар карыз.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12