Асрандиев: Газдын кымбатташы долларга байланыштуу
Бул маалыматты вице-премьер-министр Эркин Асрандиев парламент комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин эки комитетинин кошмо жыйынында дүйнө жүзүндө жаратылыш газы арзандап жатса, эмнеге аны орусиялык “Газпром” компаниясы Кыргызстанга кымбат баада сатып жатканына кызыкты. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин түшүндүргөнүнө караганда, келишимге ылайык, ар бир айда сатылып алына турган жаратылыш газынын баасы АКШ доллары менен аныкталат.
“Акыркы айларда АКШ доллары кымбаттап кеткенине байланыштуу бааны сомго чакканда жогору баа келип чыгууда. Ал ЕАЭБ уюмунун алкагында мунайга жана газга болгон дүйнөлүк баа түшүп жаткандыктан тарифтерди кайрадан кароо маселеси бар”, деп кошумчалады Асрандиев.
Учурда орусиялык “Газпром” компаниясы Өзбекстандан газды дүңүнөн сатып алып, Кыргызстанга газдын ар бир кубун 250 АКШ доллардан сатат. Ошол эле кезде Тажикстан Өзбекстандан эки тараптуу келишимге ылайык газдын бир кубун 120 доллардан сатып алат. Орусиянын “Газпром” компаниясы “Кыргызгазды” шарттуу түрдө бир долларга сатып алып, “Газпром - Кыргызстан” ишканасын түзгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38