KELECHEK
rek

Караколдогу зоопарк жардамга муктаж болууда

Караколдогу зоопарк жардамга муктаж болууда

Караколдун зоопаркындагы 150дөн ашык жаныбар ачка калышы мүмкүн. Зоопарктын директору Салтанат Сеитованын айтымында, азыр жаныбарлардын абалы жакшы, баары кыштан аман-эсен чыгышкан. Бирок азыркы тапта зоопарк колдоого муктаж.

«Азыр жалаң эле Кыргызстандагы эмес, дүйнө жүзүндөгү абалга байланыштуу дээрлик бардык зоопарктар оор күндөрдү башынан кечирүүдө. Анын арасында өлкөдөгү жалгыз зоопаркыбыз да бар. Жаныбарлар ачка калышы мүмкүн. Азыр ачка эмес, абалы жакшы. Биз алдын-ала элден жардам суроого мажбур болуп турабыз», - деди ал.

Сеитованын айтымында, зоопаркта браконьерлерден жана экзотикалык канаттууларды сүйүүчүлөрдөн куткарылган жаныбарлар да багылат.

«Алардын арасында былтыр Таласта табылып, эки көзү көрбөй калган ак илбирс да бар. Буга чейин браконьерлерден алынган көзү көбөгөн сүлөөсүн, бутунан жаракат алган түлкү багылган», — деди ал.

Зоопарктагы жаныбарлардын бир айлык тамагын камдоого (кошумча витаминдерден сырткары) орточо эсеп менен 500 миң сом керектелет. Бул жердеги жырткыч жаныбарлар айына 2-2,5 тонна эт жейт. Ал эми бир кыштан чыгыш үчүн 3,5-4 миң таңгак чөп, жемден 10 тоннадан ашык алынат.

Азыр зоопаркка чөп, эт, сабиз, капуста, жем, жашылча-жемиш керек болуп турат. Мындан сырткары, каражаттын тартыштыгынан улам жаныбарлар кармалып турган вольерлер да оңдоп-түзөөгө муктаж.

Сегиз адам тейлеген зоопаркка жаныбарларды көбүнчө Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан алып келишет. Сеитова жаз айларында жер которуп, уча албай калып калган айрым канаттууларды көп алып келишерин айтты. Каракол шаарындагы зоопаркта жаныбарлардын жана канаттуулардын жыйырмадан ашык түрү бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13