KELECHEK
rek

Чаткалда жергиликтүү дыйкан-фермерлер үчүн тегерек стол өткөрүлдү

Чаткалда жергиликтүү дыйкан-фермерлер үчүн тегерек стол өткөрүлдү

Өткөн жылдан бери DCA Central Asia тарабынан каржыланып,  Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы  тарабынан ишке ашырылып келаткан «Жалал-Абад облусундагы улгайган адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртуу» долбоорунун кызматкерлери район борбору Каныш-Кыя айылына келип, долбоор алкагында иш алып барып жаткан жергиликтүү дыйкан-фермерлерге тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу “Чаткал.kg” сайты билдирет.

Тегерек столдо алгач, тренер Алмазбек Эшенкулов долбоор тууралуу кеңири маалымат берип, андан алынчу киреше булагы тууралуу түшүнүк берди. Ал бүгүнкү күндө райондун беш айылы: Каныш-Кыя, Коргон-Сай, Башкы-Терек, Жаңы-Базар жана Терек-Сай айылдарында ишке ашырылып, аталган айылдардагы дыйкан-фермерлер күнөсканалардан киреше таап башташкандыгын айтты.

Андан соң, дыйкан-фермерлер Нарсулуу Наргозуева, Назгүл Момунова, Азия Молдотаевалар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучуларга ишмердүүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Тегерек столдо мындан сырткары, тренерлер-Каныкей Мырзаева, Эгемберди Казыбеков жана Алишер Юлдашевдер  тарабынан эдвокаси, мал чарбасын кантип асылдандыруу, үнөмдүү мештерди куруу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Тегерек стол жыйынтыкталган соң, катышуучулар долбоордун алкагында иш алып барып жаткан тоок багуучу Уулбү Рахматова жана дыйкандар Үмөтбек Кушназаров жана Гүлзада Таласбаевалардын күнөсканалары менен таанышышып, Нургазы Жолдошевдин үйүнө курулган үнөмдүү мешти көрүшүп, анын курулушу жана үнөмдүүлүгү тууралуу маалымат алышты.

М. Эшназаров, “Чаткал.kg”.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41