KELECHEK
rek

Ноокен районунун Бүргөндү айылынын тургуну мастыктан улам өзүнүн классташын өлтүрүп алды

Ноокен районунун Бүргөндү айылынын тургуну мастыктан улам өзүнүн классташын өлтүрүп алды

Үстүбүздөгү жылдын 10-июль күнү 25 жаштагы эки классташ дос кечинде 23-00 чамаларда, шектүүнүн үйүнүн сөрүсүндө(топчанда) спирт ичимдигин ичип урушуп кеткен. Натыйжада шериги жабыркап окуя болгон жерде оор жарааттын айынан каза болуп калат. Айласы кеткен досу  түнү менен өзүнүн үйүнүн огородун 1 метр казып өлгөн классташын көмүп койгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, окуя болгон күндөн 4 күн өткөн соң маркумдун атасы милицияга баласы дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз жазган. Бул ишти Жалал-Абад ОИИБнын, Ноокен  РИИБнүн Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштын бети ачылып, шектүү кармалып камака алынды жана жасаган ишин толук мойнуна алган.

Жогорудагы окуянын кеңири маалыматы:

Үстүбүздөгү жылдын 14-июль күнү Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Ак-Бата айылынын тургуну 1960-жылы туулган Батыров Тажимырза Акбаралиевич Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө жазган арызы боюнча уулу 1991-жылы туулган Тажимырза уулу Муратбектин 2016-жылдын 10-июль күнү үйүнөн чыгып кетип дайынсыз жоголгон фактысы боюнча Жалал-Абад ОИИБнын КИБнүн (Кылмыш иликтөө бөлүмү), Ноокен РИИБнүн КИБнүн ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде алынган ыкчам маалыматтары боюнча төмөндөгү өзгөчө оор кылмыштын бети  ачылды.

2016-жылдын 10-июль күнү саат 23.00 чамаларында Тажимырза уулу Муратбекти досу Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Кочкор-Кыштак айылынын тургуну 1991-жылы туулган  А.К (Муратбектин классташ досу) үйүндөгү сөрүсүндө спирттик ичимдигин ичишип отуруп өз ара урушуп кетишип, А.К колундагы жыгач таяк менен Тажимырза уулу Муратбекти бир нече жолу башына ургандыктан, Тажимырза уулу Муратбек алган жаратынан улам ошол эле жерде каза болгон.

Кылмыш изин жашыруу максатында шектүү сөрүнүн жанындагы тапчандын астындагы жер төлөөгө сүдүрөп киргизип салып, түнү менен окуя болгон жерден 20 метр аралыктагы өзүнүн огородунда 1 метр тереңдиктеги чуңкурча казып, Тажимырза уулу Муратбектин жансыз денесин сүдүрөп барып эч кимге билгизбей көмүп салгандыгы аныкталган.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, бир канча  кызыл түстөгү канга окшогон тактары менен жана шектүүнүн окуя болгондо кийип жүргөн футболкасы, шортасындагы кызыл түстөгү тактары далил катары алынды.

Ошондой эле окуя болгон жерден 20 метр аралыктагы шектүүнүн огородунан Тажимырза уулу Муратбектин жансыз денеси көмүлгөн жерден казылып алынды.

Маркумдун жансыз денесине туугандары тарабынан таануу жүргүзүлүп, жакын туугандары тарабынан таанылган.

Аталган жагдай боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, топтолгон материал Ноокен РИИБнүн кылмыштарды каттоо китебине катталып, КР КЖКнин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 6,10 п.п. менен кылмыш иши козголду.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Кочкор-Кыштак айылынын тургуну 1991-жылы туулган А. уулу К. (шектүү), ал жактоочусунун катышуусунда кылган кылмышын толук мойнуна алып, шектүү катары суралып, КР ЖПКнин 94-беренеси менен Ноокен РИИБнүн УКТЖна киргизилди. Ноокен райондук соту тарабынан 2 айга камака алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...