KELECHEK
rek

Президент Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезексиз жыйынына катышты

Президент Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезексиз жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Азербайжан Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышты.

Кезексиз жыйында ТМККга мүчө-мамлекеттердин башчылары коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү боюнча чараларды талкуулашты.

ТМККга мүчө-мамлекеттердин башчылары коронавирус менен күрөшүүдө улуттук деңгээлде көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришип, өлкө экономикасына анын тийгизип жаткан терс таасирин жеңип чыгуу боюнча ыкмалар, постпандемиялык мезгилде соода-экономикалык тармактарда биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү жөнүндө пикир алмашышты.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө тилектештикти билдиришип, алдыдагы келечекке биргелешкен пландарды белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы өз баяндамасында түзүлгөн кырдаалда координацияланган аракеттерди кабыл алуунун жана өз ара көмөктөшүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кезексиз жыйындын соңунда Жыйынтык декларациясы кабыл алынды.

Видеоконференция форматында өткөн жыйынга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус катышышты.

Эске салсак, ТМКК Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында 2018-жылдын 3-сентябрында өткөн Саммиттен кийин үч жылдык тыныгуудан соң өз ишин кайра баштады.

Андан кийин ТМККнын Саммити 2019-жылдын октябрында Баку шаарында өтүп, Кеңештин төрагалыгы Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өткөрүлүп берилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12